Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:43

Оштогу мечиттен буюм уурдаган жигит колго түштү


Оштогу мечиттерден намаз учурунда тургундардын буюм-тайымдарын, баштыктарын уурдоого шектелип, 17 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу “Азатыкка” Ош ШИИБинин маалымат катчысы Замир Сыдыков билдирди.

“Айтымына караганда, ал мурда Бишкектеги медреселердин биринде билим алган. Өзү Баткен облусунда туулган. Кадимкидей эле эл менен кошулуп намаз окуп, анан алардан мурдараак чыгып баратып башка бирөөлөрдүн буюмдарын кымтып кетип жүрчү экен. Кармалганга чейин эле анын үстүнөн 7 арыз түшкөн. Учурда бул боюнча кылмыш иши козголду”, - дейт Сыдыков.

Ошондой эле Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн кылмыш иликтөөчүлөрү тарабынан 24 жаштагы келин кармалган. Ал жаңыдан окуу жайларына келген студент кыздарга "батир таап берем" деп, алдын ала акчасын алып, качып жүргөн. Азыр мындай 3 факт бар. Учурда бул эки адамдын үстүнөн тергөө жүрүүдө. (ErN)

XS
SM
MD
LG