Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:10

Ооган президенти Пакистанга үмүт артты


Карзай жана Шариф. Исламабад, 26-август, 2013.
Карзай жана Шариф. Исламабад, 26-август, 2013.

Исламабадда бүгүн Ооганстан менен Пакистандын жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрү уланат деп күтүлүүдө. Ооган президенти Карзай кечээ коңшу өлкөнүн азыркы бийликтеринен расмий Кабул менен "Талибандын" ортосунда тынчтык сүйлөшүүлөрү өтүшүнө көмөктөшүүнү суранды.

Хамид Карзай Ооганстандын президенти катары Пакистанга буга чейин 19 жолу иш сапары менен барган экен. Бирок азыркысы май айындагы шайлоодо жеңип чыгып, Пакистандын бийлигине Навази Шариф жана анын “Мусулман лигасы” партиясы келгенден берки алгачкы сапары.

Байкоочулар азыркы сапардын жүрүшүндө Пакистандын бийлиги Ооганстандын лидерине буга чейин болуп көрбөгөндөй сый-урмат көрсөтүлгөнүн да белгилешүүдө.

Карзайдын басма сөз катчысы Аймал Файзинин “Азаттыктын” ооган кызматына айтканына караганда, президенттин Исламабаддагы сапары 27-августка чейин Пакистан премьер-министринин өтүнүчүнөн улам узартылды.

Наваз Шариф менен дүйшөмбү күнкү сүйлөшүүлөрдөн кийинки басма сөз жыйында Хамид Карзай буларды айтты:

- Эки өлкө үчүн тең башкы көйгөй - жарандар үчүн коопсуздуктун жоктугу. Калкыбызга, өкмөтүбүзгө, аскерлерибизге, коопсуздук күчтөрүбүзгө карата террордук кол салуулардын уланып жатышы. Бул маселе эки өкмөттөн тең эң биринчи кезекте көңүл бурууну талап кылат. Буга байланыштуу биз экстремизмге каршы биргелешип күрөшүүгө, Пакистан өкмөтү тынчтык жараяндын алга жылышына көмөктөшөт, Ооганстандын жогорку Тынчтык кеңеши менен "Талибан" кыймылы ортосундагы сүйлөшүүлөргө мүмкүнчүлүк же платформа түзөт деген үмүт менен Ооганстандагы элдешүү жана тынчтык орнотуу маселесине да көңүл бурдук.

Ооган президенти Исламабадда Пакистандын азыркы бийликтеринен "Талибан" лидерлерине болгон таасирин колдонуп, аларды тынчтык сүйлөшүүлөрүнө ынандырууну суранат деп күтүлгөн.

Пакистан 1996-жылы "Талибанга" Ооганстандагы бийликти колго алышына көмөктөшкөн эле. 2001-жылы АКШ баштаган күчтөр Ооганстанга киргенде, согушкерлер Пакистан аймагына да тарап кеткен. Расмий түрдө четке кагылганы менен көптөр Исламабаддын "Талибан" менен азыр да байланышы бар деген ишенимде.

Пакистан буга дейре "Талибан" менен тынчтык келишимди колдой турганын, бул 2014-жылы АКШ аскерлеринин көбү чыгарылганда Ооганстан кайрадан башаламандыкка сүңгүбөшүнүн эң жакшы жолу экенин билдирген.

Ооганстан тараптан болсо Пакистандын дарегине он эки жылга аяк баскан согушта бир жагынан тынчтык жөнүндө айтып, экинчи жагынан армиядагы элементтердин көмүскө иштерине жол берүү менен эки жүздүүлүгүн көргөзүп жатат деген дооматтар азыркыга дейре утур-утур айтылган.

"Чын ниеттен колдоо"

Премьер-министр Наваз Шариф Исламабаддагы басма сөз жыйында Пакистан өкмөтү коңшусундагы тынчтыкты “чын ниеттен” колдой турганына ишендирди:

- Мен президент Карзайга Пакистан тынч, стабилдүү жана бөлүнбөгөн Ооганстанга маани берерин баса айттым. Пакистан Ооганстандагы тынчтыкты, элдешүүнү чын ниеттен колдой турганын дагы бир жолу ырастадым. Биздин орток пикирибиз боюнча бул баарын камтыган, оогандар өздөрү ээлик кылган жана өздөрү жетектеген жараян болушу керек. Ооганстан биздин жакынкы коңшубуз эле эмес, Пакистанга тарыхый жана диний байланышы үзүлгүс бир тууган эл. Биздин коопсуздугубуз жана болочок бакубат турмушубуз Ооганстанга бир нече жол менен байланган.

Ооган президенти Карзай сапары учурунда Пакистан өкмөтүнөн "Талибандын" сүйлөшүүгө жөндөмдүү деген колбашчыларын абактан бошотууну суранары да күтүлгөн. Алардын арасында Абдул Гани Барадар молдо да бар. "Талибандын" анабашы, молдо Омордун жакын кеңешчиси деп саналган Барадар Пакистан менен АКШ Борбордук чалгын кызматынын 2010-жылкы операциясы учурунда кармалган.

Кабулдун талабынан улам Пакистан өкмөтү былтыр жыл соңунда "Талибандын" 26 кишисин абактан чыгарган болчу.

Премьер-министр Наваз Шариф дүйшөмбү күнкү басма сөз жыйында келечекте андай бошотуулар болорун ишара кылган жок. "Рейтер" агенттиги жазгандай, Шариф ошондой эле билдирүүсүндө Карзайдын "Талибан" менен Ооганстандын Жогорку Тынчтык кеңеши ортосунда байланыш орнотууга көмөктөшүү жөнүндө өтүнүчүнө да түздөн-түз кайрылбады.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG