Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:17

Токмокто кыз ала качуу боюнча кылмыш иши козголду


Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, 18-августта Токмоктун тургуну 20 жаштагы кызын белгисиз адамдар ала качып кеткенин айтып, арыз менен кайрылган. Издөө иштеринин жыйынтыгында кыздын кайда экени жана ала качкандардын өздүгү аныкталган. Бул кылмышка шектүү деп төрт жаран кармалды. Учурда кыз өз үйүнө жеткирилип, бул боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө иштери уланууда.

Укук коргоочулардын маалыматында, Кыргызстанда жылына 10 миңден ашуун кызды ала качышат. Бирок ал ишти жасагандардын дээрлик баары жазасыз калат. Мындан улам былтыр жыл аягында Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөр киргизилип, кыз ала качууга жаза күчөтүлгөн. Ага ылайык, мындай кылмышка баргандарды 7-10 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG