Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:26

Орусия Украинанын Евробиримдик менен келишимине каршы


Орусиянын биринчи вице-премьер-министри Игорь Шувалов Украина бир убакта Бажы биримдигине кирип, Евробиримдик менен да келишим түзө албастыгын айтып чыкты. Бул тууралуу дүйшөмбүдө Москвада орус-украин өкмөт башчыларынын жолугушуусунан соң билдирди. Жолугушууда Орусия өкмөт башчысы Дмитрий Медведев Украинанын премьер-министри Николай Азаровду Евробиримдик менен эркин соода жүгүртүү тууралуу келишимге кол коюудан мурда анын укуктук, экономикалык кесепеттери тууралуу кеңешип алууга чакырды.

Украина Евробиримдик менен эркин соода жүгүртүү тууралуу келишимге ноябрда Вильнюстагы саммитте кол коюуга үмүттөнүп жатат. Мындай келишим Украинаны товарларын Европа базарын алып чыгууга жол ачат. Бирок Орусия бул өлкөнү Евробиримдик менен кызматташуунун ордуна Бажы биримдигине киришин кааларын ачык эле билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG