Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:50

Кыргыз жарандары боюнча Казакстанда сүйлөшүү эртең өтөт


Кармалган кыргыз жарандары тууралуу сүйлөшүү үчүн вице-премьер-министр Токон Мамытов эртең Казакстанга барат. Бул тууралуу ал Казакстанда кармалган кыргыз жарандарынын жакындары менен жолугушууда билдирген.

Токон Мамытов бул сүйлөшүүлөр үчүн казак тарап Кыргызстанга да келерин айткан. Ал Тышкы иштер министрлигине жана Кыргызстандын Алматыдагы консулдугуна кармалган жарандардын абалынан кабар алууну тапшырган.

Ушул жылдын июнь-июль айларында Казакстан “чек араны бузду” деп 13 кыргызстандык жаранды кармап кеткен. Кийин алардын экөө бошотулган. Ушул тапта 11 жаран Казакстандын убактылуу кармоо жайларында кармалып турганы айтылууда. Жакындары аларды мал издеп жүргөн жеринен кармалганын билдиришүүдө. (AKu)

XS
SM
MD
LG