Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:38

Казак тарап чек ара бекеттеринде көзөмөлдү күчөттү


Кыргыз-казак чек ара өткөрмө бекеттеринде кыргыз тарап кадимкидей тартипте иштеп жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Чек ара кызматынын маалымат бөлүмүнөн билдиришти.

Ал эми Казакстан чек ара бекеттеринде тыкыр көзөмөл жүргүзүүдө. Буга чейиин маалымат каражаттарында Кыргызстанда катталган кара тумоого байланыштуу Казакстан чек ара бекеттериндеги тартипти катуулатарын жазышкан.

Бажы кызматынын маалыматына ылайык, Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда 12 чек ара бекети бар. Учурда алардын ичинен жетөө иштеп жатат. Ал эми 5 чек ара бекетин 2010-жылдагы апрель окуяларынан соң расмий Астана бир тараптуу жаап салган. (EBM\AKu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG