Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:08

Чүйдүн Аламүдүн районунда кара күйүк катталды


Бул тууралуу “Азаттыкка” Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары Жаныбек Султанов кабарлады. Анын айтымында, бир адамда ушул илдет аныкталып, ал ооруканага жаткырылды. Лебединовка айыл өкмөтүнө караштуу Кырман конушунда карантин жарыяланды.

Ветеринарлардын маалыматына караганда, кара күйүк аталган конуштагы үйлөрдүн биринде союлган торпоктун этинен табылган. Торпоктун этин кожоюндары жана анын достору жешкен.

Ветеринардык коопсуздук боюнча маминспекциянын директорунун орун басары Жаныбек Султанов Кырман конушундагы тургундарда жана башка малда кара күйүк аныкталбаганын, бирок баары эмдөөдөн өткөнүн белгиледи. (ТТо)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG