Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:30

Ингушетияда Коопсуздук кеңешинин катчысын өлтүрүп кетишти


Тергөөчүлөр Ингушетиянын Коопсуздук кеңешинин катчысын өлтүрүүнүн артында анын кызматтык ишмердиги турат деп эсептешет. Ахмед Котиевдин машинеси бүгүн эртең менен Малгобек-Назран жолунда аткыланган. Айдоочусу ошол жерде набыт кетти, өзү болсо кийинчирээк ооруканада жарааттардан көз жумду.

Кол салууну ким уюштурганы азырынча белгисиз. Окуя боюнча кылмыш иш козголду. Ингушетияга Москвадан тергөөчүлөр тобу жөнөп кетти.

Котиев бул кызматка 2011-жылдын апрелинде дайындалган. Өткөн июнда Котиевдин Малгобектеги үйү гранатометтон аткыланып, ал жолу эч ким жабыркаган эмес.

XS
SM
MD
LG