Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:59

Вацлав Гавел атындагы сыйлыкка талапкерлер белгилүү болду


Вацлав Гавел атындагы сыйлыкка 3 талапкер аталды. Тизмеге түрмөдө жаткан беларустук укук коргоочу Алесь Беляцкий, грузиялык жаш адвокаттардын ассоциациясы жана Кытайдагы адам укуктарын коргоо боюнча уюм киргизилди. Бул тууралуу кечээ Страсбургда Европа кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын (ПАСЕ) төрагасы Жан-Клод Миньон жарыялады. Алар 6 талапкер арасынан иргелип алынды. Лауреат 30-сентябрда белгилүү болмокчу.

Эгемен Чехиянын алгачкы президенти Вацлав Гавелдин урматындагы сыйлык ушул март айында Парламенттик ассамблея, Гавелдин Прагадагы китепканасы жана Хартия -77 фонду тарабынан негизделген. 60 миң евро өлчөмүндөгү сыйлык адам укуктарын коргоодогу активдүү жарандык позиция үчүн берилет.

XS
SM
MD
LG