Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:40

Жүк ташуучулар Литва, Беларус аркылуу өтө албай турат


Беларус жана Литва аркылуу Европадан жүк ташуучу кыргызстандык машинелер ушул тушта өтө албай турушат. Транспорт жана байланыш министрлигинин маалымат кызматынан билдиришкендей, алардын бул эки өлкөгө кирүү үчүн уруксат кагазы бүтүп калган. Учурда министрликтин тиешелүү жетекчилери уруксат кагазын сүйлөшүү үчүн эки өлкөгө жөнөп кетти.

Литва менен Беларустан жүк алып өтүү үчүн алынган уруксат кагазы бир жолу кирип чыкканга жарайт. “Уруксат кагазын көпчүлүк айдоочулар жыл башында сатып алып койгондуктан айрым учурларда калбай калат”, - деп билдиришти министрликтен.

Жүк ташуучу жеке компаниялар эч жерде катталбагандыктан бул өлкөлөр аркылуу кыргызстандык канча компания же канча айдоочу өтөрү белгисиз. (AKu)

XS
SM
MD
LG