Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:31

Орозодо чогулган садака-битир таратылат


28-августтан тарта орозо айында чогулган садака-битир таратыла баштайт. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди. Эртең таңкы саат 10:00дө башкармалыктын Бишкектеги кеңсесинде, кечки саат 17:00дө борбор калаадагы №57 карылар үйүндө таратылат. 30-августта Беловодсктогу майып балдар үйүндө муктаж болгондорго берилет.

Дин башкармалыгы берген маалыматка ылайык, Чүй облусундагы, Бишкек жана Ош шаарларындагы мечиттерде чогулган садакалардын суммасы 3 миллион сомго жетпейт. Муфтияттан бөлүнчү жардамды алуу үчүн өткөн жылдан бери арыз жазып, кезек күткөндөр бар.

Орозодо мечитке же бей-бечараларга материалдык жардам көрсөтүү мусулмандардын парзы болуп эсептелет. Бул жылы садака-битирдин баасы ар бир жанга 30 сомдон айланды. (AKu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG