Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:43

Карзайдын Пакистандагы сапары аяктады


Ооганстандын президенти Хамид Карзай Пакистандагы сапарын жыйынтыктады. Ал коңшу өлкөнүн премьер-министри Наваз Шариф менен "Талибанды" Ооганстандын тынчтык кеңеши менен сүйлөшүүлөр үстөлүнө отургузуу маселесин талкуулады.

Карзай расмий Кабул диалогдогу потенциалдуу шерик боло алат деген талиптердин лидерлерин бошотуу өтүнүчүн кайталады. "Талибан" жетекчилери Ооган бийлиги менен сүйлөшүүлөрдөн баш тартып келатат. Кабул аларды көндүрүүгө Исламабад көмөктөшө алат деп эсептейт.

Карзайдын кеңсеси билдиргенине караганда, Шариф Кабулга келип кетүү чакыруусун кабыл алды.

XS
SM
MD
LG