Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:45

Франция химиялык курал колдонгондорду жазалоого чакырды


Франция президенти Франсуа Олланд Сириядагы жайкын тургундарга каршы химиялык курал колдонгондорду жазалоо керектигин айтып чыкты. Шейшембиде Парижде сүйлөгөн сөзүндө Олланд Сириядагы жарандык согуш бүткүл дүйнөдөгү тынчтыкка коркунуч туудураарын эскертип, бул өлкөнүн оппозициясына аскерий жардамды көбөйтөөрүн шардана кылды.

Ага чейин Британ премьер-министри Дэвид Кэмерон Сирияда химиялык курал колдонулган соң дүйнөлүк коомчулук унчукпай карап турбашы керек деп билдирди. Бирок расмий Лондон бул кырдаалда кандай кадам жасаары жөнүндө эч кандай чечим кабыл алына электигин айтып жатат.

Дамаск өкмөтү 21-августта жайкын тургундарга каршы химиялык курал колдонду деген маалыматтардан кийин Батыштын айрым өлкөлөрү Сириядагы жаңжалга кийлигишүү мүмкүнчүлүгүн караштыра баштаган.

АКШнын коргоо министри Чак Хэйгел Би-Би-Сиге билдиргенине караганда, президент Барак Обамадан буйрук түшсө эле, армия чара көрүүгө даяр турат.
Орусия Башар Асаддын режимине каршы күч колдонуу “апаатка” алып келээрин эскертип, Батыш өлкөлөрүн “этият” болууга үндөдү.

XS
SM
MD
LG