Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:07

Нарын: кара тумоонун алдын алуу чаралары күчөтүлдү


Бул тууралуу аталган облустун акимиятынан кабарлашты. Ага ылайык, аймакта кара тумоонун алдын алуу боюнча комиссия түзүлдү. Бул комиссия облустагы калкка илдет тууралуу маалымат берип, алдын алуу боюнча вакциналар менен камсыз кылуусу керек. Ошол эле учурда облус аймагындагы жайлоолордогу кара тумоонун ыктымал очокторун аныктап чыгуу тапшырмасы да берилди.

Нарындагы айрым жайлоолор кара тумоо катталган Ысык-Көлдөгү жайлоолор менен чектешет. Муну менен катар облуста суур көп кездешкендиктен, анын терисин сатуу менен алектенген жарандар да арбын.

22-августта Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда 15 жашар өспүрүм кара тумоодон каза болгон. Өспүрүмгө кара тумоо суурдан жугушу мүмкүн экенин божомолдоп жатышат. Андан соң бул аймакка карантин жарыяланып, аймак тургундары эмдөөдөн өткөрүлүүдө. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, каза болгон өспүрүм менен карым-катышта болгон 148 адам райондогу оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүнө жаткырылды. Алардан оорунун белгилери байкала элек. (BkA)

XS
SM
MD
LG