Журналист, “Азаттык” радиосунун Прагадагы кабарчысы Амирбек Азам уулу Усманов менен Чех илимпозу Петр Коайслдын “Кыргызстандын тарыхы - күбөлөрдүн көзү менен” деген китеби басмаканадан чыкты. Адистердин баамында китеп жаңы багытта тарыхый окуяларды күбөлөрдүн айтуусунда жандуу чагылдыргандыгы, архивдик документтер, фото-сүрөттөрдү колдонгондугу менен өзгөчөлөнөт. Китеп буга чейин Прагада чех тилинде жарык көргөн.
Китеп окурмандарга “улуу” тарыхка катарлаш “кичүү” тарых да жүрөрүн, ал адамдардын, алардын туугандары менен үй-бүлөлөрүнүн тагдырын камтый тургандыгын көрсөтүү максатын көздөйт. Аталган китеп Kyrgyz Concept ишканасынын колдоосу менен орус тилинде 1000 нуска менен чыкты.
Бул китепте Кыргызстандын 1916-жылдагы көтөрүлүшү, басмачылар кыймылы, кулакка тартуу жана 1917-1937-жылдардын аралыгындагы тарыхы, 1930-жылдардагы сталиндик репрессияга дуушар болгондордун урпактарынын баяндары, архивдик документтер, фотосүрөттөр камтылган. Ага катар Чехиянын “Интергельпо” кооперативинин өткөн кылымдын 20-30-жылдары Кыргызстанда жүргүзгөн иши да баяндалат. (КЕ/AJ)