Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:07

Кара тумоону иликтөөгө казак адистери көмөктөшөт


Бул тууралуу “Азаттыкка” Мамлекеттик эпидемиологиялык көзөмөл жана ооруларды алдын алуу департаментинин директору Төлөн Исаков билдирди. Анын айтымында, кыргызстандык адистер кара тумоону иликтөө, анализдерди текшерүү үчүн лабораторияга керектүү дары-дармек жагынан көмөктөшүүнү өтүнүп кайрылган.

Казакстандын Кара тумоого каршы станциянын эки адиси дары-дармек алып келип, эми эки күн кыргызстандык кесиптештерине көмөктөшөт.

Казакстан аймагынын 40 пайызы кара тумоо очогу болуп эсептелет. Кыргызстанда мындай 3 очок бар. Алар: Талас, Жети-Өгүз жана Нарындын Ат-Башы району.

22-августта Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда 15 жаштагы өспүрүм кара тумоодон каза болгон. Өспүрүмгө кара тумоо суурдан жугушу мүмкүн экенин божомолдоп жатышат. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, каза болгон өспүрүм менен карым-катышта болгон 160 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө турат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG