Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:40

Нурдинов: кыргыз паспортун алган өзбек жарандары Мекеге жөнөп жатат


Кыргызстан жана Орто Азия мусулмандар конгрессинин жетекчиси Бакыт Нурдинов ажылыкты уюштуруу иштеринде коррупция орун алып жаткандыгын бүгүн Бишкектеги маалымат жыйында билдирди. Ал буга муфтий Рахматулла ажы Эгембердиевди айыптоодо. Анын айтымында, кыргыз паспортторун алган Өзбекстандын 40 жараны Бишкек шаарына бөлүнгөн ажылык квотанын эсебинен Мекеге жөнөп жатат. Ошондой эле быйыл ажылыктын баасы 2300 доллар деп бычылганына карабай, квота алып берем деген ортомчулар анын баасын 4 миң доллардан ашырып жиберген. Нурдинов ажылыкка жөнөп жаткандардын жана ажы башчылардын тизмеси ачык айтылбай, көмүскө түзүлүп жатканын сынга алды.

Муфтий Рахматулла ажы Эгембердиев чет элдик жарандар ажыга жөнөп жатат деген маалыматты төгүндөп, ажылыктын быйылкы баасы 2300 доллар экенин кошумчалады:

- Ал бул айткандарын далилдеп бериши керек. Анткени, бул муфтияттын эле үстүнө жалаа жабылып жаткан жок, бул мамлекеттик, укук коргоо органдарына да коюлган айып. Ага ишене турган болсок, бул Кыргызстандын паспортун мыйзамсыз алууга чет элдик жарандарга да шарт түзүлүп жатат дегенди билдирет. Эгер кимдир бирөө Кыргызстандын паспортун алып, ажыга барам деп, бизге паспортун тапшырып келсе, бул жерде биздин күнөөбүз жок.

Кыргызстанда ажылык сапар жыл сайын бири-бирин коррупциялык аракеттерге айыптоо менен коштолот. Анын айрымдары соттук териштирүүгө жана мыйзамдарды өзгөртүүгө чейин жеткен. Быйыл ажылык сапар үчүн Сауд Арабия Кыргызстанга 3 600 квота бөлгөн. Бул жылдагыга караганда 900 квотага аз. Ажылар ыйык сапарга сентябрь айынын ортосунан тарта учуп баштамакчы. (КЕ/ZB)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG