Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:11

Ак-Суу: ооруканага жаткандардын саны 162ге жетти


Саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымдагандай, Ак-Суу районунда кара тумоодон каза тапкан өспүрүм менен карым-катнашта болгон 162 адам жергиликтүү ооруканага жаткырылды. Алар дарыгерлердин көзөмөлүндө турушат.
Буга чейин дени табы көтөрүлгөн 7 адамдын анализ алынган. Анын жыйынтыгы таза чыкты.

22-августта Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда 15 жашар өспүрүм кара тумоодон каза болду. Учурда бул аймакка карантин жарыяланып, тургундарды эмдөө жүрүп жатат. Кара тумоонун катталашы менен коңшулаш Казакстан жана Тажикстан чек арасында көзөмөлдү күчөтүп, жарандарын Кыргызстанга барбай турууга чакырды. Кыргыз өкмөтү бул жаатта абал көзөмөлдө экенин билдирип, маалымат каражаттарын калкты дүрбөлөңгө салчу кабарларды таратпоого үндөөдө. (BkA)

XS
SM
MD
LG