Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:07

Жапаров: акча талап кылгандарга тиешебиз жок


Мурдагы депутат Садыр Жапаровдун “Азаттыкка” билдиришинче, “Кумтөр оперейтинг компаниден” акча талап кылды деп шектелип жаткандар анын атын колдонгусу келген. Жапаров бул адамдарды тааныбасын кошумчалады.

Кечээ Эрмек Жунушбаев жана Бахтияр Курманов деген жарандарга Кумтөр кенин иштетип жаткан ишканадан 3 миллион доллар сураган деген шек менен кылмыш иши козголду.

Аталган эки жаран Кумтөргө каршы митингди болтурбоо үчүн жай айларында ишкана жетекчисинен акча талап кылган. Бул тууралуу Коомдук биринчи каналда көрсөтүлгөн тасмада айтылат. Анда кылмышка шектелип жаткандар эгер талаптары аткарылбаса, Садыр Жапаров жана башка оппозиция өкүлдөрүнө кошуларын айтышкан. (AKu)

XS
SM
MD
LG