Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:10

Ысык-Көлдө адамга зыян келтирчү радиация жок


Мындай билдирүүнү Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги таратты. 26-августта Казакстандын КТК телеканалы Ысык-Көлдүн Жеңиш айылынын тушундагы жээкте радиация коркунучу тууралуу репортаж көрсөткөн.

Ага карата мамлекеттик агенттик аталган жерде радиациянын деңгээли бир аз жогору, саатына 50-120 рентген экенин билдирет. “Бирок бул адамга зыян келтирбейт, мындай көрүнүш көпчүлүк жерде кездешет. Аталган аймакта жана сууда көп жылдан бери байкоо жүргүзүлүп келатат, өзгөрүү жок. Мекемелер аралык комиссия көлдүн бардык жээгин жылда радиациялык текшерүүдөн өткөрөт”,- деп айтылат агенттиктин билдирүүсүндө. (AKu)

XS
SM
MD
LG