Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:41

Эрмек Жунушбаев: жашыруун тасма монтаждалган


“Кумтөр оперейтинг компаниден” 3 миллион доллар талап кылды делгендердин бири Эрмек Жунушбаев видео жасалма экенин айтты. Кылмышка шектелип жаткандар бүгүн түштөн кийин бул окуя тууралуу түшүндүрмө беришет. Алар бул тууралуу “Азаттыктын” Ысык-Көлдөгү кабарчысына билдиришти.

Кылмыш ишин козгогон Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет тасманын жасалма же жасалма эместиги тууралуу азырынча маалымат берген жок. “Тергөө видеону текшерүү зарылдыгы бар деп тапса, текшерет” деди аталган комитеттин расмий өкүлү Тилек Чокморов.

Жети-Өгүздө Кумтөр кенинин иштетилишине каршы май айындагы митингдин уюштуруучулары делген Эрмек Жунушбаев менен Бахтияр Курманов ишкана өкүлүнө айтылган сумманы берсе, мындан кийинки каршылык акциясын болтурбоо жөнүндө убада беришкен. Бул тууралуу жашыруун тартылган тасмада айтылат. Опузалап акча сурады делген эки жаранга кылмыш иши козголду. (AKu/MK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG