Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:13

Путин суу каптоодон жапа чеккен райондорго барды


Орусиянын президенти Владимир Путин Ыраакы Чыгыштагы суу ташкындан жапа чеккен райондорду кыдырды. Амур облусунда жергиликтүү дыйкандар жана жетекчилер менен кездешүүдө президент зыян тарткандардын чыгымдары төлөнүп берилет деп билдирди.

Кабарларга караганда, облуста суунун деңгээли төмөндөй баштады, Хабаровскта болсо көтөрүлүүдө. Жекшембиде суу 780 сантиметрге жетиши мүмкүн деп күтүлүүдө.

Катуу жаан-чачындан улам башталган сел менен суу ташкынынан Амур, Хабаровск, Якутия жана Еврей автономиялуу облусундагы ондогон шаар-кыштактарда шахта, ферма, ишкана, турак жайлар жабыркады. Мындай суу каптоо Орусияда 120 жылдан бери боло элек эле.

XS
SM
MD
LG