Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:05

Индияда террордук топтун лидери кармалды


Индияда тыюу салынган террордук топтун ана башыларынын бири Ясин Бхаткал кармалды. “Индиянын можахеддери” уюму Мумбай, Дели, Бангалор, Хайдерабад жана Пунадагы кандуу теракттарды уюштурган деп айыпталууда.

"Өткөн түнү чалгындоо кызматкерлери Ясин Бхаткалды кармашты. Ал азыр Бихардагы полиция бөлүмүндө сурак берүүдө. Азыр анын камалганын гана бышыктай алам", - деди Индиянын ички иштер министри Сушил Кумар Шинде.

Айрым кабарларга караганда, аны менен кошо уюмдун Ахтар аттуу мүчөсү колго түшүрүлдү. Бхаткал үч шериги менен бирге 2011-жылдын июлунда Мумбайда 27 кишинин өмүрүн кыйган терактты уюштурган деп күнөөлөнүүдө.

Индия, АКШ жана Британия өкмөттөрү “Индия можахеддери” тобун террордук уюмдардын тизмесине киргизген. АКШнын Мамлекеттик департаменти ал Түштүк Азияда ислам халифатын түзүүнү көздөйт деп эсептейт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG