Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:15

Каракол-Бишкек жолу ачылды


Жети-Өгүз райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Калыс Жудеев каршылык акциясынын катышуучулары менен сүйлөшүү жүргөнүн билдирди. Жергиликтүүлөр мындан ары жолду тоспой турганын убада кылышты. Ал эми акциянын уюштуруучуларынын бири Эрмек Жунушбаевдин “Азаттыкка” айтышынча, жүргүнчүлөргө тоскоолдук кылбоо максатында жолду бошотушту. Алар мындан аркы кадамдарын талкуулап жатканын кошумчалады.

Бүгүн түштөн кийин Каракол-Бишкек жолу Жети-Өгүз районунда эки жеринен буулган. Эрмек Жунушбаев менен Бахтияр Курмановдун таламын талашып акцияга чыккандар “Кумтөр оперейтинг компанинин” өкүлү Дуглас Гриердин келишин талап кылышкан.

Кечээ маалымат каражаттарында митингди болтурбоо шарты менен “Кумтөр оперейтинг компаниден” 3 миллион доллар талап кылгандар тууралуу жашыруун тартылган тасма пайда болгон. Андагы Эрмек Жунушбаев жана Бахтияр Курманов тасманын монтаждалганын айтышты. Аларга каршы ишкана өкүлү Дуглас Гриердин арызынын негизинде кылмыш иши ачылды. (MK/AKu)

XS
SM
MD
LG