Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:00

Көкбөрү оюнунда күйөрмандар калыска кол көтөрдү


Бүгүн көкбөрү боюнча “Талас” командасы менен “Кожомкул” командаларынын жүрүшүндө күйөрмандар оюндун калысына кол көтөрдү. Мындай маалыматты “Көкбөрү” федерациясынын өкүлү Табылды Асыгалиев “Азаттыкка” тастыктады.

Анын айтымында, окуя “Ак кула” ат майданында президенттин кубогуна арналган көкбөрү боюнча оюндун жүрүшүндө болгон. Анда “Талас” командасынын күйөрмандары өз оюнчусун адилетсиз оюндан четтетти деп, калыс Абдылазиз Көкүшовду ур-токмокко алышкан. Ошондон кийин “Талас” командасынын эки оюнчусу оюндан четтетилди.

Асыгалиевдин айтымында, Көкүшовдун абалы жакшы, ооруканага кайрылган жок. Бул окуя "Көкбөрү" федерациясында талкууланып, команданы айыпка жыгуу жагы каралмай болууда. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG