Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:25

Британ парламенти Сирия маселесин талкуулады


Британиянын премьер-министри Дэвид Камерон Сириядагы химиялык чабуул үчүн ким жооптуу экенин 100 процент далилдеген фактылар жок деп билдирди. Ошол эле маалда премьер өткөн аптада Дамасктын четиндеги конуштарда болгон аткылоонун артында Башар Асаддын режими турганынан күмөн санабаганын кошумчалады.

Бүгүн британ парламенти Сирияга ыктымал аскерий сокку уруу маселесин талкуулады. Камерон химиялык куралды колдонууга каршы аскерий чараны “согуш кылмыштарына” жооп кайтаруу менен салыштырды. Андай чарага Британия БУУнун Коопсуздук кеңешинин колдоосу менен гана барат деди премьер.

Кеңештин туруктуу мүчөлөрү Орусия менен Кытай Сирияга куралдуу кийлигишүүгө кескин каршы чыгууда.

XS
SM
MD
LG