Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:03

Кумтөрдөн акча өндүрүүнү көздөгөндөрдү жазага тартуу сунушталды


Бул тууралуу “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын бейшемби күнү тараткан билдирүүсүндө айтылат. Анда өлкөдөгү жарандардын башкы милдети мыйзамды сыйлоо экенин эске салып, элдин атын жамынып, өз кызыкчылыгын башкы орунга койгондорду сынга алган. Коалиция өкүлдөрү опузалап акча талап кылып, башаламандыкты уюштургандарды мыйзамдын чегинде жазалоого бийликтерди чакырган.

Шаршембиде маалымат каражаттарында Жети-Өгүздө Кумтөргө каршы митингдин уюштуучулары Эрмек Жунушбаев жана Бахтияр Курманов “Кумтөр оперейтинг” компаниясынын өкүлүнөн 3 миллион доллар талап кылганы тууралуу тасма көрсөтүлгөн. Бул боюнча УКМК кылмыш ишин козгоду. Кылмышка шектелгендер айыпты четке кагышууда. Алардын жактоочулары бейшембиде Каракол-Балыкчы жолун буушту.(BkA)

XS
SM
MD
LG