Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:43

Египет: “Мусулман агайындардын” лидерлеринин бири кармалды


Египеттин коопсуздук күчтөрү “Мусулман агайындар” исламчыл кыймылынын активдүү мүчөлөрүн кармоону улантууда. Маалымат каражаттарынын жазышынча, бейшембиде бул кыймылдын жетекчилеринин бири Мухаммед ал-Белтаги камалды.

Мурдагы депутат өлкөдөгү аскерий жетекчилик түзгөн бийликке каршы акцияларды уюштурууга чакырык таштаган. “Ал-Жазира” телеканалы бейшембиде эле Белтагинин өз тарапкерлерин жума күнү аскерий жетекчиликке каршы демонстрацияга чыгууга үндөп жаткан тасманы көрсөткөн. Белтагиге терроризм жана зомбулукка шыкакчы болгон деген айыптар менен мурда издөө жарыяланган эле. Буга чейин “Мусулман агайындардын” диний лидери Мухаммед Бади камалган болчу.

Египеттин армия жетекчилиги 3-июлда президент Мухаммед Мурсини бийликтен кулаткан. Мурси учурда белгисиз жайда кармалып турат. Мурсинин тарапкерлери аскерий жетекчиликке каршылык билдирип, нааразылык акцияларын уюштурушууда. Өткөп апталарда полиция менен Мурсинин тарапкерлеринин кагылышынан 900дөн ашык адам мерт болду.
XS
SM
MD
LG