Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:41

Кумтөр: кармалган эки жаран облустук коопсуздук кызматына өткөрүлдү


28-августта кылмыш иши ачылып, өткөн түнү кармалган Эрмек Жунушбаевди жана Бахтияр Курмановду бүгүн облустук милиция облустук коопсуздук кызматына өткөрүп берген. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

Жунущбаев менен Курмановдун кайда кармалып турганы боюнча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет азырынча маалымат бере элек. Ал арада социалдык тармактарда кылмышка шектелгендер коё берилгени жазылууда.

Жунушбаев жана Курманов “Кумтөр оперейтинг компаниден” митинг өткөрбөө шарты менен опузалап акча талап кылган деп шектелүүдө. Май айында Жети-Өгүздөгү митингдин уюштуруучулары саналган бул эки жаран өздөрүн күнөөсүз деп эсептейт. Алар акча талап кылуу тууралуу видеону жасалма деп билдиришти. (MK/AKu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG