Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:14

Красноярскиде "Кыргызстан" соода борбору ачылат


Мындай сунуш бүгүн Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Болот Жунусов жана Красноярск крайынын губернаторунун орун басары Андрей Гнездилов менен жолугушууда талкууланды. Жолугушууда ошондой эле Ысык-Көлгө туристтерди тартуу жаатында кызматташтыкты күчөтүү макулдашылды.

Кыргыз диаспорасынын маалыматына караганда, крайда 45 миң чамалуу кыргызстандык мигрант эмгектенет. Красноярск шаарында иштеген 11 миңден ашык кыргызстандыктын басымдуу бөлүгү соода тармагында иштейт. Алардын көпчүлүгү Орусиянын жарандыгын алышкан.

Бул аймакта Кыргызстандын ардактуу консулун дайындоо боюнча Кыргызстандын сунушун учурда Орусиянын Тышкы иштер министрлиги карап жатат. (BuS)

XS
SM
MD
LG