Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:27

Жунушбаев менен Курмановдун тарапташтары кол топтоодо


“Кумтөр” ишканасынын жетекчилигинен опузалап акча талап кылды деген шек менен кармалган Эрмек Жунушбаев менен Бахтияр Курмановдун тарапташтары аларды колдоп кол чогултууда. Бул тууралуу Жети-Өгүздөгү Саруу айылынын тургуну Аман Сабаев билдирди. Жердештери жана тарапташтары эки жаранды күнөөсүз деп эсептешет.

“Азаттыктын” аймактагы кабарчысынын айтымында, кечээ саруулуктар каршылык акциясына чыгып, жол тосулган жерде адамдар жүрүшөт.

Жунушбаев жана Курманов “Кумтөр оперейтинг компаниден” митинг өткөрбөө шарты менен опузалап акча талап кылган деп шектелүүдө. Май айында Жети-Өгүздөгү митингдин уюштуруучулары саналган бул эки жаран өздөрүн күнөөсүз деп эсептейт. Алар акча талап кылуу тууралуу видеону жасалма деп билдиришти. (MK/AKu)

XS
SM
MD
LG