Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:17

Стамбулдагы кыргызстандык ишкерлердин дүйнөлүк форуму өтүүдө


Стамбулдагы кыргызстандык ишкерлердин форумуна экономика министри Темир Сариев катышууда. Министр форумда сүйлөгөн сөзүндө кыргыз өкмөтүнүн чет жактагы кыргыз ишкерлерден үмүтү чоң экенин айтты. Ал ошондой эле Кыргызстанда ишкерликти өнүктүрүү үчүн арбын иштерди жасап жатканын билдирди. Темир Сариевдин маалыматы боюнча өкмөт инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн лицензиялардын санын эки эсеге кыскартты, андан тышкары ишкерликти текшерүүчү органдарды эки эсеге азайткан.

29-августтан тарта Түркиянын Стамбул шаарында кыргызстандык ишкерлердин дүйнөлүк форуму өтүп жатат. Ага Кыргызстан, Түркия, АКШ, Кытай, Корея жана башка мамлекеттерде ишкерлик кылган жүздөн ашуун кыргызстандыктар катышууда. Ошондой эле Жогорку Кеңештин, Ош, Нарын шаар кеңештеринин депутаттары да келишкен.

Форумдун негизги максаты – Кыргызстандын экономикасынын өнүгүүсүнө салым кошуу. Кыргызстандык ишкерлердин дүйнөлүк форуму Стамбул шаарында экинчи ирет өтүп жатат. Кыргыз ишкерлердин алгачкы форуму өткөн жылы болгон. Иш-чараны Түркиядагы кыргызстандыктардын «Кыргызстан» достук жана маданият коому уюштурууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG