Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:29

Өкмөт коррупцияга каршы күрөштү жетишсиз деп тапты


Министрлик жана башка тармактардын 2013-жылдын биринчи жарымындагы коррупцияга каршы күрөшүү аракети жетишсиз деп табылды. "Өкмөт мындай чечимди 2012-2014-жылдары коррупцияга каршы күрөшүү планынын 2013-жылдын биринчи жарымындагы жыйынтыгын талкуулаган соң кабыл алды",- деп билдирет өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмү.

Мамлекеттик органдардын катышуусунда кечээ өткөн жыйында экономика министри Темир Сариев бул багытта отчетун угузган. Министр жемкордукка каршы аракет өтө чабал экенин, азырынча алгылыктуу жыйынтыктар көрүнбөгөнүн билдирген. Мындан улам талкуу соңунда мамлекеттик органдардын башчыларына жемкордукка жол ачкан шарттарды жоюу, эскертүүлөрдү күчөтүү, бул багытта тескөө тапшырмалары берилген.

Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев күч түзүмдөрү боюнча вице-премьер министр Токон Мамытовго күч органдарынын башчылары менен бирге коррупцияга каршы бирдиктүү чараларды иштеп чыгууну тапшырды. (AKu)

XS
SM
MD
LG