Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:46

Адахан Мадумаров жаңы кызматка дайындалды


Адахан Мадумаров Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу Кеңешинин башкы катчысынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев бүгүн кол койду.

Түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташуу кеңеши 2009-жылы негизделген. Ага баш катчылык кылган Халил Акынжынын иштөө мөөнөтү кеңештин быйыл Азербайжанда өткөн саммитинин негизги маселесин түзгөн. Кеңешке Кыргызстан, Казакстан, Түркия жана Азербайжан кирет.

Адахан Мадумаров Жогорку Кеңештин депутаты, Коргоо кеңешинин катчысы жана башка кызматтарда иштеген. Кийинки учурларда оппозицияда болуп келген. (AKu)

XS
SM
MD
LG