Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:41

Үч миңдей милиция кызматкери тартипти көзөмөлдөйт


Эртең 31-август, Эгемендикти майрамдоо учурунда борбор калаада 3000дей милиция кызматкери, Ички иштер министрлигинин ички аскерлери жана элдик кошуундар коомдук тартипти сактоого тартылат. “Аккула” ат майданында спорт оюндары учурунда 1000 милиция кызматкери болот. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат катчысы Бакыт Сеитов билдирди.

Кечээ Бишкектеги көкбөрү оюну учурунда күйөрмандар калысты сабап койгон.

Эртең Кыргызстандын бардык аймактарында майрамдык салтанат, спорт мелдештери, концерттер өтөт. Көбү борбор калаада уюштурулмакчы. Кыргызстан Эгемендик майрамын 22 жылдан бери белгилеп келет. (KM/AKu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG