Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:08

"Пегасус" Кыргызстанга эң пайдалуу инвестиция салган ишкана деп табылды


"Эйр-Манас" аба компаниясынын жетекчиси Данияр Арынов жана "Кыргызстан-Түркия" достук жана маданият коомунун башчысы Айбек Сарыгул

"Эйр-Манас" аба компаниясынын жетекчиси Данияр Арынов жана "Кыргызстан-Түркия" достук жана маданият коомунун башчысы Айбек Сарыгул

Стамбулда өтүп жаткан кыргызстандык ишкерлердин форумунун салтына ылайык, Кыргызстандын экономикасына эң жакшы инвестиция салган ишканага белек берилди. Форумдун катышуучулары ушул жылы мындай ишкана деп "Пегасус" аба компаниясын аташып, компаниянын Кыргызстандагы өнөктөшү "Эйр Манас" ишканасына белек тапшырылды.

"Пегасус" аба компаниясы Кыргызстандын аба рыногуна киргенден бери чет мамлекеттерге учак менен каттоонун чыгымы бир нече эсеге кыскарып, кыргызстандыктардын социалдык-экономикалык абалына салым кошо алды деп табылды.

Kyrgyz Pegasus Airlines деп аталган кыргыз-түрк компаниясы мындан бир нече жыл мурда түзүлгөн. Анын акцияларынын 51 пайызы «Кыргызстан» мамлекеттик авиакомпаниясына, ал эми калган 49 пайызы түркиялык тарапка таандык. Аталган компания Кыргызстандын аба рыногунда үстүбүздөгү жылдын январь айынан тарта иштеп жатат.

Кечээтен бери Түркиядагы Стамбул шаарында кыргызстандык ишкерлердин дүйнөлүк форуму өтүп жатат. Ага дүйнөнүн булуң-бурчтарында жана Кыргызстанда эмгектенген кыргыз ишкерлер, Кыргызстанга инвестиция салууну каалаган түркиялык ишкерлер катышууда. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG