Бүгүн Лейлек районунун борбору Исфана шаарында “Жаштар кечеси” аттуу майрамдык иш-чара өтөт. Аны “ЖашФМ” радиосу менен “Лейлек жаштары” коомдук бирикмеси уюштурууда. Бирикменин өкүлү Чыңгыз Тажибаев “Азаттыкка” билдиргендей, иш-чара Эгемендиктин 22 жылдыгына карата уюштурулуп жатат. Майрамга Бишкектен таанымал ырчылар чакырылган.
Андан сырткары бүгүн Исфана шаарынын борбордук аянтындагы оргуманын да ачылышы күтүлүүдө.
Исфана шаары Баткен облусунун Тажикстан менен чектеш аймагында жайгашкан. (SE)