Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:23

Оштогу кафе-дүкөндөргө жаңы желек илинди


Ош шаарынын борбордук көчөлөрүндөгү мекеме-ишканаларга илинген мамлекеттик туулардын баары жаңыртылды. Андан сырткары, кафе-ресторандарга, дүкөндөрдүн чатырларына туу орнотулду. Шаардык мэриянын жаштар комитетинин төрагасы Сонунбек Жунусбаев “Азаттыкка” билдиргендей, бул демилге Эгемендиктин 22 жылдыгына карата шаардык мэрия тарабынан ишке ашууда. Байрактар жергиликтүү бийликтин эсебинен алынып, имарат ээлеринин макулдугу менен орнотулганы кабарланууда. (SE)

XS
SM
MD
LG