Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:03

Мөөнөтүн өтөгөн аскер кызматчылары запаска бошотулат


Мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматын өтөп бүткөндөр запаска бошотулат. Бул тууралуу жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев 30-августта кол койду. Дагы бир жарлыкка ылайык, аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу октябрь-декабрь айларына белгиленди. 18 жаштан өткөн, аскердик кызматка милдеттүү жарандарды армияга чакыруу тартибин аныктоо өкмөткө жүктөлдү.

Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты.

Аскердик кызматка барууга Кыргызстандын 18 жаштан өткөн эркек жарандары милдеттүү жана андан качуу кылмыш катары саналат. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG