Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:57

Каракол: Эгемендик майрамына мэрия 40 миң сом бөлдү


Ысык-Көл облусунун борбору Каракол шаарында Эгемендик майрамын белгилөө үчүн шаар жетекчилиги 40 миң сом бөлдү. Каражат майрамдык иш-чараны уюштурууга сарпталды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Каракол шаарынын вице-мэри Гүлназ Орозова билдирди.

Аймактагы майрам борбордук аянтта белгиленүүдө. Майрамдык салтанат түштөн кийин панкратион спорттук оюну менен уланып, кечинде концерттик программа менен жыйынтыкталат.

Майрамдык иш-чарага өкмөттөн вице-премьер-министр Токон Мамытов, өзгөчө кырдаалдар министири Кубатбек Боронов жана саламаттыкты сактоо министири Динара Сагынбаева катышууда.(MK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG