Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:32

Кандагарда жанкечти жардыруу жасады


Ооганстандын бул провинция өкмөтүнүн басма сөз катчысы Жавид Файсалдын “Азаттык” радиосунун ооган кызматына айтканына караганда, чабуулдан кеминде алты адам өлүп, 20 киши жаракат алды.

Жанкечти өзүн Кабул банкынын филиалы алдында жардырып жиберген. Кандагар ооруканасынын өкүлү “Азаттыктын” ооган кызматына өлгөндөр саны сегиз, жаракат алгандар 25тен ашарын маалымдады.

Жадыруу үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек, бирок аны Ооганстандын түштүгүндө таянычы - күчтүү талиб согушкерлери жасады деген шек саноо бар. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG