Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:38

"Ак-Кула" майданында ат оюндары жыйынтыкталды


Эгемендик майрамына карата Бишкектин Ак-Кула майданында уюштурулган ат оюндары жыйынтыкталып, жеңүүчүлөргө байгелер тапшырылды.

Кунан чабыш жарышында Чүйдүн Аламүдүн районунун тургуну Айдар Үтүровдун Кара-Кунан аталган күлүгү биринчи келип, 130 миң сом жеңип алды. Бул жарышта 30 кунан 11 километр аралыкка жарышка түшкөн.

Топ байге жарышында 20 күлүктүн ичинен Бээжин олимпиадасынын күмүш медалынын ээси Канат Бегалиевдин Асылзат аттуу күлүгү марага озуп келип, 150 миң байге утту.

Жорго салдыруу оюнунда баш байге катары сайылган автоунаа Тоң районунан келген Барон аттуу жылкынын ээси Замир Мукашевке берилди.

Аламан байгеде 17 ат 25 километрге чаап, Нарындан келген Адамкул Жунусовдун Точанка аттуу күлүгү биринчиликти алды. Ээсине байге катары автоунаа берилди.

Байге фонду Ат оюндары федерациясы жана демөөрчүлөрдүн эсебинен топтолгон. (КМа)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG