Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:52

Бразилияда кыргыз күрөшчүлөрү күч сынашууда


Бразилиянын борбору Рио-де-Жанейро шаарында өтүп жаткан дүйнө чемпионатына 123 өлкөнүн жети жүздөй балбаны катышууда. Кыргызстандын намысын Ислам Баялинов, Азат Кубакаев, Чыңгыз Мамедов, Болот Токтогонов жана Юрий Краковецкий коргоп жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” дзюдо федерациясынын вице-президенти Талант Беккулов кабарлады.

30-августта 90 кило салмакта Лондон олимпиадасынын катышуучусу Чыңгыз Мамедов дүйнө чемпионатында алгачкы атаандашы кувейттик Ганам Алдиканды артыкчылык менен утуп алды. Кийинки беттешүүдө анголалык балбан Хенригус Жаоуну да жеңип, чейрек финалга чыкты. Бирок чейрек финалда грек балбаны Ильяс Илиадиске алдырып коюп, мелдештен четтеп калды.

Бүгүн Бишкек убактысы боюнча түнкү саат 12де 100 кило салмакта жаштар арасында Азия чемпиону, жаштардын биринчи олимпиадасынын коло байге ээси Болот Токтогонов күрөшкө чыгат. Анын атаандашы Литвa же Куба мамлекетинен болушу күтүлүүдө.

Чемпионаттын акыркы күнү - 1-сентябрда оор салмакта Азия чемпионатынын күмүш байге ээси Юрий Краковецкийдин татамидеги биринчи атаандашы литвалык Мариус Пашкевичус болот. (КМа)

XS
SM
MD
LG