Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:53

Индияда чуулгандуу зордуктоо боюнча алгачкы өкүм чыкты


Борбор Нью-Делинин соту ишембидеги өкүмү менен айыпкерлер арасынан кылмыш жасалган кезде жашы он жетиде болгон жигитти үч жылга эмгек түзөтүү колониясына кести.

Былтыр декабрда болгон окуя Индияда жана бүткүл дүйнөдө айыптоо жаратып, индиялык эркектердин аялдарга мамилеси боюнча талкууларга жем таштаган эле.

23 жаштагы аял өткөн жылдын 16-декабрында эркектердин тобу тарабынан автобуста зордукталып, токмоктолгон. Ал алган жараатынан эки аптадан кийин каза тапкан. Бул кылмыш иши боюнча дагы төрт киши айыпталууда. Эгер күнөөлүү табылышса, алар өлүм жазасына тартылуусу мүмкүн. Соттолуучулардын баары коюлган айыпты четке кагышкан. (UE)

XS
SM
MD
LG