Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:20

Ошто жол сызыктары жаңыланууда


Ош шаарында соңку үч жылдан бери жаңыланбай турган жол сызыктары жаңыртылууда. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнөн кабарлашты. Маалыматка ылайык, учурда борбордук көчөлөрдө жол сызыктарын жаңылоо жүрүп жатат. Мындан сырткары жол чырактар текшерилип, жол белгилери да алмаштырылат. Бүгүнкү күнгө чейин аткарылган иштерге 200 миң сом сарпталган.

Ош шаары машине эң көп каттаган аймактардын катарына кирет. Шаардык Ички иштер башкармалыгынын Жол кайгуул кызматы билдиргендей, бүгүнкү күндө Ош шаарында каттого алынган 56 736 машине бар. Анын ичинен 53 819 машине жеке менчик, 2 917си ишканаларга таандык. Андан сырткары жакынкы облус жана райондордон келип-кеткен машиналарды кошкондо, күнүгө Ошту аралаган машина саны 100 миңге чукулдайт.

Учурда экинчи борбордо көчө кыймылын 57 кызматкер көзөмөлдөйт. Шаарды толук көзөмөлдөө үчүн дагы ушунча киши талап кылынат. (SE)

XS
SM
MD
LG