Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:23

Социалдык түйүн колдонуучулары НТВ каналына нааразы


Орусиянын НТВ каналы Ысык-Көлдө катталган кара тумоого байланыштуу Твиттерден тараткан маалыматка кыргызстандык социалдык түйүндүн колдонуучулары нааразы болууда.

Кечээ телеканалдын Твиттердеги расмий аккаунтунан “Кыргызстанда чума жайылууда, ондогон адамдар дартка чалдыкты” деген кабар тараган.

Социалдык түйүн колдонуучулары бул маалымат журналисттик этикага дал келбейт деген нааразылыктарын айтып жатышат.

22-августта Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда 15 жаштагы өспүрүм кара тумоодон каза болгон эле. Ага кара тумоо суурдан жугушу мүмкүн экени божомолдонгон. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, каза болгон өспүрүм менен карым-катышта болгон 160 адам медициналык көзөмөлдөн өткөн. Дарыгерлер андан бери кара тумоого кабылгандарды аныктай элек. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG