Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:09

Баткенде үч тилдүү гезиттин алгачкы саны чыкты


Кыргыз, орус жана тажик тилдеринде жарык көргөн “Достук”- “Дружба”-“Дусти” деп аталган гезиттин алгачкы саны элге акысыз таратылды.

Гезит чек арадагы ынтымакты жана улуттар аралык мамилени бекемдөөгө багытталган. Басылманын башкы редактору Адилбек Батыров “Азаттыкка” билдиргендей, 10 000 нуска менен чыгып жаткан гезит Кыргызстандын Баткен, Тажикстандын Согди облустарынын жашоочуларына таратылат.

Үч тилдүү гезиттин чыгышы коңшулаш эки облус жетекчилеринин демилгеси менен эл аралык уюмдардын колдоосунда ишке ашууда.

Буга чейин бюллетень катары бир жолу чыгып, каржы жоктугунан токтоп калган эле. (JsA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG