Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:26

Эл аралык коомчулук Обаманын Сирия боюнча билдирүүсүн талкуулоодо


АКШ президенти Барак Обаманын ишемби күнкү Сирия режимине каршы аскерий чара көрүү керектиги тууралуу чечими түрдүү пикирлерди жаратууда. Маселен, Жапониянын премьер-министри Синдзо Абэ анын өкмөтү Сирия маселеси АКШнын Конгрессинде талкууланышын кылдаттык менен көзөмөлдөөрүн жарыялады. Венесуэланын президенти Николас Мадуро Обаманы сындап, ал Бириккен улуттар уюму менен «эсептешпей жатканын» белгиледи.

БУУнун Коопсуздук кеңеши Сирия боюнча бирдиктүү чечимге келе албай койгон, бул деген кеңеш аскердик кийлигишүүгө макулдугун берген эмес дегенди түшүндүрөт.

Орусия Мамлекеттик Думасынын эл аралык маселелер боюнча комитетинин башчысы Алексей Пушков Твиттерде Обама Конгресске кандайдыр бир мыйзамдуулук алуу үчүн гана кайрылганын жазды.

XS
SM
MD
LG