Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:27

Египет: Мурсинин иши сотко өттү


Египеттин Башкы прокуратурасы бийликтен кулатылган президент Мухаммед Мурсинин ишин Каирдин кылмыш сотуна өткөрүп берди. Өлкөнүн мамлекеттик маалымат агенттиги кабарлагандай, Мурси баштаган “Мусулман агайындар” кыймылынын 14 мүчөсү “зомбулук кылган жана адамдарды өлтүрүүгө шыкакчы болгон” деген берене боюнча айыпталууда. Мурсиге 7 адам каза болгон 2012-жылдын декабрында “Мусулман агайындардын” тарапкерлери менен демонстранттардын кагылышында иш боюнча күнөө тагылып жатат. Прокурорлор аны 2011-жылы түрмөдөн чыгыш үчүн чет элдик атайын кызматтар менен кутумга барган деп да айыптап жатышат. Азырынча соттун качан башталары белгисиз.

Египеттин армия жетекчилиги 3-июлда президент Мухаммед Мурсини бийликтен кулаткан. Мурси учурда белгисиз жайда кармалып турат. Мурсинин тарапкерлери аскерий жетекчиликке каршылык билдирип, маал-маалы менен нааразылык акцияларын уюштурууда. Өткөн айда полиция менен Мурсинин тарапкерлеринин кагылышынан 900дөн ашык адам мерт болду.

XS
SM
MD
LG