Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:34

ЖК: депутаттар эртең ишке чыгат


Эки ай мурун кезектеги тыныгууга тараган Жогорку Кеңештин депутаттары эртең - 3-сентябрда жумушка чыгышат жана парлементтин алтынчы сессиясы расмий түрдө ачылат. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, ошол эле күнү тармактык комитеттер иш баштайт.

Конституциянын 77-беренесине жана “Жогорку Кеңештин Регламенти жөнүндө” мыйзамга ылайык, парламент сессиясы сентябрь айынын биринчи жумушчу күнүндө башталып, кийинки жылдын июнь айынын акыркы жумушчу күнүнө чейин улантылат.

Депутаттар июнь айынын соңунда кезектеги тыныгууга тараган. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG